Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу чараларды көрүү жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы белгилегендей, жаз мезгилинин жаан-чачындуу болушуна байланыштуу калктуу аймактарды жана жашоону камсыз кылуу объекттерин суу каптоо, сел, жер титирөө жана жер көчкү процесстеринен алдын ала коргоо атайын чараларын көрүүнү күчтөндүрүү зарыл.
Өкмөт башчы бардык потенциалдуу кооптуу тилкелерде алдын ала коргоочу чараларын өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.