Россияда кыргызстандык жаран ур-тепкиден каза болду

397

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда 30жаштагы кыргызстандык жаран ур-тепкиден каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлады.

3-майга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Яковлев көчөсүндөгү үйдө чыр чыккандыгын коңшулар айткан. Уруш согушка чейин жетип, кыргыз жараны катуу сабалгандыктан тез жардам кызматы анын өмүрүн сактап калганга жетишкен эмес.

Маркумдун денесинде уруп-согуудан калган тактар бар экени байкалган.

Аталган факты боюнча Москва районунун полициясы иликтөө иштерин баштады. Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында эки шектүү кармалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь