Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

296

Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгын белгилөөгө кам көрүлө баштады. Буга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы дагы көңүл сыртында калтырбай согуштун ардагери 94 жаштагы Касымбек Эшалиевден кабар алып, “Карегимде мекен чеги” маарекелик медалы менен сыйлашты.

Ошондой эле, кандуу согушта дарыгер болуп иштеген 94 жаштагы Галина Журик ардагерге дагы жогоруда аталган медаль тапшырылды.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда кандуу согушка катышкан 43 ардагер бар. Алардын эң жашы 93 жашта. Ошондой эле, орукта иштеген 135 ардагер бар.

Эске салсак, согуш майданына Кыргызстандан 300 миңден ашуун адам кетип, жарымы кайтып келген эмес. Учурда ардагерлердин ар бири айына 30 миң сомдун тегерегинде пенсия алышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь