Ош облусунун Алай районунда болгон жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды. Окуя 3-май күнү саат 11:30 чамасында Таш-Короо айылынын аймагында катталган.
Ош-Гүлчө жолу аркылуу бара жаткан ДЭУ “Матиз” менен “Хонда Одиссей” автоунаасы кагылышып, “Матиздеги” 82 жаштагы жана 67 жаштагы эки жүргүнчү мерт болду. Ал эми “Матиз” унаасындагы аял айдоочу менен “Хонда” автоунаасындагы үч адам ооруканага жеткирилген.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Учурда кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.