Boeing 737 учагы жүргүнчүлөр менен кошо дарыяга кулап түштү

218

Boeing 737 жүргүнчү учагы АКШнын Флорида штатына караштуу Жексонвилл шаарына жакын аймактан дарыяга кулап түштү. Маалыматтарга ылайык, учак конуу тилкелеринен чыгып кеткен.

Учактын ичинде 136 жүргүнчү, экипаждын жети мүчөсү болгон, бактыга жараша бардыгы аман калган. 21 киши ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Кырсыкка кабылган рейс Гуантанамо америка аскер базасынан Куба мамлекетинен сапар алган.

Бул кырсыкты Жексонвилл шаарынын мэри Ленни Карри Twitter’деги өздүк баракчасы аркылуу кабарлаган.

Учурда жергиликтүү куткаруу кызматы учакты дарыядан алып чыгышты. Бул иш жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып, тилкеден чыгып кетүү себептери иликтенүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь