Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү камакка коюлду. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов kaktus.media га билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 2012-жылы каза болгон милициянын жубайы жана анын энеси моралдык жана материалдык компенсация талап кылышкан. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, аларга 200миң сомдун тегерегинде акча өндүргөн. Бирок бул акча төлөнүп келген эмес.
Азимжан Аскаровдун жубайы үйдү кайра каттатканы барганда, сот үйдү камакка алган. Азырынча Аскаровдордун үй-бүлөсү үйдөн кетүү же кетпөө тууралуу чечим кабыл алыша электигин адвокат айтты. Ошондой эле адвокат бул кадамдарды мыйзамсыз деп эсептейт.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «2010-жылдагы кандуу окуяны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.