Баңги заттарды өндүрүүчү каражаттардын ири партиясы кармалды

315

Ошто ири өлчөмдө баңгизат жасоочу каражат менен жергиликтүү тургун кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, аны менен кошо дагы бир адам, коңшу өлкөнүн жараны колго түшүрүлдү.

Алар башкарган унааны текшерүү учурунда аткезчилик жол менен алынып бара жаткан 8 даана желим челекке куюлган 101 литр ангидрид кислотасы табылган. Бул каражатты ал коңшу өлкөлөрдүн бирине жөнөтүүгө аракет кылган.

Кармалгандар  УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ангидрид – баңгизат жасоодо пайдаланылуучу каражат. Анын жарым литринен 1 кг героин чыгат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь