5-майда Бишкек шаарынын тургуну көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап каза болду. Ал эми окуяга күбө болгондор аны куткарууга атайын кызмат тарабынан аракеттер болбогондугун социалдык тармактарга жазууда.
Күбөлөрдүн айтымында 35-40 жаштардагы киши таңкы саат 08.00дө эле терезеде турган.
“Эркек киши мас абалында болгон. ӨКМдин куткаруучулары аны менен бир сааттай сүлөшүүгө аракет кылышты. Терезеде турган кишини буту талыды окшойт, отуруп алып сүйлөшүп жатты. Саат 09.30 да отурган жеринен кулап түштү. Аны куткарууга эч кандай аракеттер көрүлгөн жок”
Н.Исанов көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн белгисиз адам секиргени жаткандыгы боюнча ӨКМга маалымат саат 8:35те түшкөн. Куткаруучулар жерине жетип барганда терезеде турган жаран батирдин ичинде аны коркутуп жаткан адам бар экенин айткан.
ӨКМ кызматкерлери милиция келгенге чейин эишикти өздөрү ачууга аракет кылып батирге кирген убакта жаран секирип кеткендиги маалымдалат. Ал эми батирде эч ким болгон эмес.