Муфтият Орозо айында бериле турчу битир-садаганын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы Рамазан айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Эгер аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.
Мындан тышкары битир-садаганы ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 384 сом, ун – 40 сом, арпа – 48 сом болсо, курманын баасы 480 сомду түздү.
Рамазан айында ар бир колунда бар адам шариат боюнча садага берүүгө милдеттүү. Мусулмандар битир-садаганы өз калоосу менен мечиттерде бере алышат.
Чогултулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылып берилет.