Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлдү

162

Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында ысык суу бир айга токтотулду. Шаардык мэриядан кабарлагандай, ысык суу 6-июнда бериле баштайт.

Ысык сууну колдонуу жылуулук системасын оңдоо иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт. Быйыл «Бишкек жылуулук» ишканасынын линиясы менен жаңы жылуулук трассалары орнотулат.

Мындан тышкары Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушун аяктоо зарылчылыгын белгилеген мэрия бул жылы оңдоо иштери жылдагыдан эрте башталганына түшүндүрмө берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь