Бишкек-Торугарт багытында автоунаа өтчү негизги канжолдо жайгашкан Долон ашуусуна кар түштү. Жаздын акыркы айында жааган карды элдик медиага жүргүнчүлөр жиберди.
Бүгүн, 6-майда Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн.
ӨКМден билдиришкендей, үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.