Такси кызматынын айдоочусу транскыздарга кол салып, аларды тээп машинадан кубалап жатканы тартылып алынган видеону жарыяланды.
Маалыматтарга ылайык, транскыздар эки такси чакырышкан. Бирок эки унаанын тең айдоочусу аларды жеткирүүдөн баш тартып, унаасынан түшүрүп салышкан. Кыздар айдоочулар жабырлануучулардын гендердик иденттүүлүгүнөн жана тышкы келбетинен улам ушундай мамиле жасашкан деп божомолдошууда деп жазган “Клооп”.
Кыздар милицияга арыз жазышканы менен укук коргоо кызматкерлери бузууну каттагылары келишкен эмес. Бирок алар арызды активисттер башкы прокуратурага арызданабыз деп айтышкан соң гана каттоого алышкан.
Ал эми такси кызматынан окуя такыр башкача болгондугун, мушташка айдоочу эмес эле бейтааныш адам катышкандыгын айтышкан.