ВИДЕО: Ыйык Орозо айында кайрымдуулук кутучасын уурдап кетишти

224

6-майга караган түнү Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын биринде турган кайрымдуулук кутучаны белгисиз адамдар уурдап кетишти.

Бул кутуга түшкөн каражаттар онкологиялык жана гемотологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жумшалмак. Окуядагы көрүнүш видеобайкоого даана түшүп калган. Мындай маалыматты Help the Children-SKD коомдук фонду өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

 Бүгүн эми гана ыйык Орозо айы башталып, бири-бирибизге кол суна турчу күн келди. Дал ушул түндө адамдар келип кутуну уурдап кетишти.”

Аталган фонд уурдаган адамдарды таанууга жана табууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Мындай окуялар биринчи жолу катталып жатпагандыгын дагы кошумчалаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь