Шереметьево аэропортунда кырсыкка кабылган “Sukhoi Superjet-100” (SSJ-100) учагынын бортундагы эки “кара куту” табылды.
Орусиянын басылмалары жазгандай, кутулардын абалы чечмелөөгө жарактуу. Азырынча мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин адистерине тапшырылды.
Москвадан Мурманск шаарына сапар алган учак кырсыгында жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кабарланды.