Кыргызстанда Кадыр түндү тосуу болжолу менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туш келерин муфтияттан билдиришти. Кокус жыла турган болсо кошумча маалыматтар берилип, айт күнү дагы такталат.
Көп учурда Рамазан айынын 27-түнүн Кадыр түн ирэтинде тосуп келишет. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Кудай Мухаммед пайгамбарга Курандын алгачкы “Фатиха” сүрөөсүн Рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылык тилеп, куран окушат. Алар бул түндү мечитте же үйлөрүндө тосушат.
Былтыр Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнгө туш келген.