Россияда кыргызстандык жаранды ур-тепки менен өлтүргөн шектүү кармалды.
3-май күнү саат экилер чамасында Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск көчөсүндөгү 25 жаштардагы азият түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгын кабарланган. Каза болгон адам 1989-жылы туулган С.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну болуп чыкты.
Чырдын башы тил келишпестиктен айынан чыккан. Анда белгисиз адам кыргызстандык жарандын бет тарабына көптөгөн соккуларды узаткан. Ысык-Көлдүк жаран алган жаракатынан улам каза болгон.
Аталган факты боюнча Москва району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү кылмыштын изин суутпай шектүү делип 1992-жылды туулган М.М. аттуу Россиянын тургуну кармалган. Кармалган жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Ал буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталды.
Ал эми кыргызстандык жарандын туугандары тарабынан “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.