4-майда Ново-Покровка айылындагы катаал режимдеги жаза өтөөчү №3 түзөтүү колониясында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада тыюу салынган бир катар заттар алынды. Тинтүүнүн жыйынтыгы менен 30 уюлдук телефон (9у иштебейт), 31 телефон заряддагыч, 12 кулакчын, 15 сим-карта, 1 литр бензин, тешип-саюучу 53 буюм, колго жасалган 5 электр жылыткыч алынган. Андан сырткары, элүүдөн ашуун бычак жана эки темир сейф алынган.
Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Ага ылайык, иш-чарага ЖАМКтын 475 кызматкери менен 15 кызматтык ит тартылган.