Ур-тепкиге кабылган дудук жигиттердин жакындары нааразылыкка чыгышты

241

“Бала уурдаганы келгендер” деп айыл тургундарынан ур-токмокко кабылган жигиттердин жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтына кулагы начар уккан жана дудук адамдар келген.  Алар ур-токмокко алган Корул районунун тургундары жана жалган маалыматты тараткандар мыйзам чегинде жазалансын деп талап кылды. Акциянын катышуучулары менен мэриянын өкүлдөрү жолугуп сүйлөштү.

Бир нече күн мурун Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти бала уурдаган деп айыптап, тепкиге алганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк милиция ал жигиттер орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай, ур-токмокко алынганын маалымдаган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча “бейбаштык” жана “жалган маалымат таратуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тиешелүү амалдар жүргүзүлүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь