Шереметьево аэропортундагы кырсыктан 41 адам көз жумду (видео)

192

Москвадагы учак кырсыгынан набыт болгондордун саны 41ге жетти. Белгилүү болгондой, учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болгон. Алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылууда.

Кечээ 5-майда  «Sukhoi Superjet-100» (SSJ-100) учагы Шереметьево аэропортуна конгон учурда өрт жалмаган.

Москвадан Мурманск шаарына жөнөгөн учак жергиликтүү убакыт менен саат 17:57де асманга көтөрүлгөндө, саат 18:25те авариялык кырдаалдан улам, кайра конууга уруксат сураган. Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген версияны жарыялашты.

Окуяга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев кырсыкты иликтеген өзүнчө мамлекеттик комиссия түзүүнү жана жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси (коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь