Ысык-Көлдө жер титиреди

211

Ысык-Көл облусунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Мындай маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында — 4,5 балл, Ыштык айылында — 3,5 балл жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Ошондой эле, Ак-Суу районунун Эңилчек, Курган айылдарында 3 балл, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин жеткени айтылат.

Анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь