Ош облустук ооруканасында үч эм күтүп, бирок эгиз төрөгөн Гүлзина Абдимажитованын ишин иликтөөгө түзүлгөн Саламаттык сактоо министрлигинин тобу жыйынтыктап бүттү. Бул тууралуу аталган министрликтин өкүлдөрү билдирген.
Эске салсак, эгиз кыздар 9-апрель түнү жарыкка келген. Бирок алардын энеси Абдимажитова буга чейин беш ирет УЗИ аппаратына түшкөнүн, бешөө тең үч түйүлдүк бар деп көрсөткөнүн айтып, дарыгерлерге нааразы болгон.
Бул пикирден соң Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, алар диагностикалык ката кетип калган деген бүтүм чыгарышкан. Алар баардык УЗИлерди карап чыккандарын жана сүрөтү бар УЗИлер эки эле баланы көрсөткөндөрүн айтышкан. Ал эми үчүнчүсү чагылышып калганын кошумчалашкан. бирок мындай тыянакка макул болбогон ымыркайлардын жакындары Ош шаардык прокуратурасына арыз жазышкан.