Абактагы 3 миңдей адам орозо кармады

242

Өлкө боюнча абакта отурган 3 миңден ашык жаран орозо кармап жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, орозо кармагандардын арасында соттолгондор, иши тергелип жаткан шектүүлөр бар.

“Бишкек шаарындагы СИЗО-1де 550 адам, Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында 400 соттолуучу орозо кармады. Азыркы тапта 8 миңден ашык адам камакта отурат”, – деп маалыматта жазылган.

Эгерде демөөрчүлөр тарабынан абактагыларга ооз ачыруу боло турган болсо мындай шарт уюштурулуп берилиши ыктымал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь