2017-жылы Эркиндик бульварына 12 китеп уячалары орнотулган. Жөн гана сейилдебестен, таза абада отуруп, китеп окууга да мүмкүн боло турган демилгени жаштар көтөрүп чыккан болчу.
Бүгүнкү күндө бул жай куштарга тамак берүүчү уяга айланып калгандыгына шаар тургуну кейип айтып берди. Ал эс алууда үйдөгү китептерин алып бульварга коюну чечкен. Бирок ал уячалардын айнектери сынып, бир дагы китептин жоктугун көрүп жаны кейиген.
Авторлордун элди китеп окууга үндөгөн бул долбоорунун багыты окурмандар бири-бири менен китеп алмашып, алган китептин ордун кайра толтуруп турушу керек болчу.