Алмазбек Атамбаевдин өзүнө жана жакындарына катталган мүлктөрдүн тизмеси

175

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө, аялына, уул-кыздарына, келиндерине, жакын туугандарына катталган мүлктөрдү тизмектелип соцтармакка жарыяланды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө, аялына, уул-кыздарына, келиндерине, жакын туугандарына катталган мүлктөрдү тизмектелип соцтармакка жарыяланды. Экс-президенттин кичүү кызы А. Шагиевага катталган мүлктөр:

1. Бишкек шаарынын Киев көчөсү үй №80, батир № 28 дарегиндеги батир.

2. Бишкек шаары, Киев көчөсү үй №80, батир №12 дарегиндеги унаа токтотуучу жай. К. Атамбаевге катталган мүлктөр:

1. Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү үй №111 дарегиндеги №7 батир.

2. Ошол эле даректеги унаа токтотуучу жай.

3. Бишкек шаары, Токтогул көчөсү үй №140 дарегиндеги №40 унаа токтотуучу жай.

4. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында участок №11, 15, ден соолукту чыңдоочу лагерь.

5. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булуң айылында жайгашкан ашкана. Д. Атамбаевге катталган мүлктөр:

1. Бишкек шаары, Токтогул көчөсү үй №140 дарегиндеги №51 батир. С. Атамбаевага таандык мүлктөр:

1. Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү үй №111 дарегиндеги №22 батир.

2. Ошол эле даректеги №9 унаа токтотуучу жай.

3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагындагы Кошокбек көчөсү үй №22 дарегиндеги айыл чарба багытындагы жер тилкеси. А. Атамбаевге таандык мүлктөр:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Арашан айылында 2-участок көчөсүндөгү айыл чарба багытындагы жер тилкеси.

2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Арашан айылында көчөсүнүн аты коюлбаган жерде айыл-чарба багытындагы жер тилкеси.

3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Арашан айылында №498 контурунда айыл-чарба багытындагы жер тилкеси.

4. Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл аймагынын Кой-Таш айылында №717 контурунда айыл-чарба багытындагы жер тилкеси.

5. Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл аймагынын Кой-Таш айылында дагы бир айыл-чарба багытындагы жер тилкеси.

6. Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл аймагынын Кой-Таш айылында №706 контурунда ден-соолукту чыңдоочу борбор.

7. Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл аймагынын Кой-Таш айылында дагы бир (көчөсүнүн аты жок, участоктун номери жок) айыл-чарба багытындагы жер тилкеси.

8. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын курорттук-рекреациялык зонасында курорттук-рекреациялык зона. Келини Жибек Рахмаджановага (Сейитбек Атамбаевдин аялы) катталган мүлктөр:

1. Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы №49/6 дарегиндеги №4 батир.

2. Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү үй №1 дарегиндеги №1 батир. Келини Аэлита Сатыбалдиевага (Сейтек Атамбаевдин аялы) катталган мүлктөр:

1. Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү үй №15 дарегинде №12 батир.

2. Чүй облусунун Сокулук районунун «Семетей» конушунун Проектируемая көчөсү үй №2927 дарегиндеги турак үй. А. Атамбаевдин мурдагы аялы Бабуажар Атамбаевге таандык үй: Кой-Таш айылынын Бекберди уулу Асанкул көчөсү үй №47 дарегиндеги үй.

Булар А. Атамбаев уул-кыздары, бир туугандары менен ээлеп алган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана. Мындан сырткары дагы толтура кыймылсыз мүлктөрү бар. «Форумдун» имараты эле эмнени каңкуулайт? Ал эми ошол уул-кыздары менен чогуу иштетип аткан компаниялары жүгүртүп аткан миллиондор тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. Мына ушунун баары 1990-жылдары А. Атамбаевде жок эле. Мунун баары алдамчылык, мамлекеттин мүлкүн өзүмдүк кылып алуу аркылуу топтолгон.

Булак:NazarNews.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь