Бүгүн 7-майда Бишкекте Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер-онколог Эмил Макимбетовду колдогон митинг өтүүдө. Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн алдында дарыгерлер жана оорукчан балдардын ата-энелери Макимбетовдун жазасын өзгөртүп үй камагына чыгаруусун суранып чыгышты.
Акциянын катышуучулары “Макимбетовго эркиндик!”, “Эмил Макимбетов көп кишини бутуна тургузган, башка балдарды дагы дарылап бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк бергиле!” деген ураандар менен чыгышты.
Ал эми ата-энелер көздөрүнө жаш алып, алардын балдарын дарылап жаткан дарыгердин кайтып келишин күтүп жаткандыгын айтышты.
2013-жылы Азиз Батукаевге “канынан рак” деген диагноз коюп берген делип М.Э.К. аттуу дарыгер-онколог камакка алынган.