Ош базарда соодагерлер менен базар жетекчилигинин ортосунда жаңжал чыкты. Спутник маалымат агенттиги жазгандай, базар жетекчилиги бир топ күзөтчү менен келип электр зымдарын кыркып, жарык берүүчү жабдууларды талкалап кетишкенин соодагер айткан.
Бүгүн эртең менен “Ош” базарындагы “Берекет универсал” кичи базарынын электр энергиясы өчүп калды. Муну базар жетекчилиги соодагерлердин каршылыгына карабай атайлап жасаганын ошол жерде иштеген соодагерлер билдирген.
Жарыктын өчүрүлүшүнөн 1500дөй адам жабыр тартаарын базардагылар айтып, кайра зымдарды улатканы жатышат. Эгер мындай кыйноолор боло берсе Ак үйдүн алдына митингге чыгарын дагы кошумчалашты.
Ал эми “Берекет” жабык акционердик коомунун президенти Индира Абласова базар 15-апрелде эле жабылып, коммуналдык кызматтар токтотулганын айтууда. Бүгүн алар электр жабдууларын алып кетүүгө барышканын билдирди.
“Өзүбүздүн электр жабдууларыбызды алып кетүүгө барсак, соодагерлер каршы туруп күч колдонуп бербей коюшту. 15-апрелде базарыбызды жапканбыз. Андан бери кантип иштеп жатышканын өзүлөрүнөн сурагыла. Биз соодагерлерди сүйлөшүү жолу менен гана бир мунасага келүүгө чакырып жатабыз. Көп варианттарды сунуштадык”, — деди Абласова.
Ал соодагерлердин жасаган кадамдарын жеке менчик жерди басып алуу катары сыпаттады.