Бүгүн 7-май күнү Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү “Кудайберген” унаа тетиктерин сатуучу базарда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.
Контейнерден тутанган жалынды өчүрүүгө ӨКМдин өрт өчүрүүчү бөлүмүнөн ыкчам тобу тартылган.
Жабыркагандар жок. Учрда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.