ВИДЕО: Ысык-Көлдө секелекти зордуктоого аракет кылган адам сабалды

451

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 30 жаштагы эркек киши 6-класстагы окуучуну зордуктоого аракет кылган.

3-май күнү чоочун киши окуучу кызга тийишип, зордуктоого аракет кылгандыгын кыз ата-энесине айтып берген. Секелектин туугандары шектүүнү өздөрү издеп, 1988-жылы туулган адам экендигин таап аны ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу областык ички иштер башкармалыгы Kaktus.media га маалымдады.

Жосунсуз жоруктар боюнча, ошондой эле эркек кишини сабагандыгы боюнча дагы кылмыш иши козголду.

Учурда шектүү жаран ооруканада. Такталбаган маалыматтарга ылайык ал психикалык жактан жабыркайт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь