Бүгүн 11: 08 де ӨКМдин куткаруу кызматына аял киши терезеден секирүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Буга ылайык куткаруучулар ыкчам аракеттерди көрүп Бишкектин Москва көчөсү менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барганда 5-кабаттан аял киши секирүү алдында турган.
Куткаруучулар аны жерге алып түшүштү. Учурда кыз эмне себептен буга баргандыгы териштирилүүдө.
Бул окуяны Тынчтык Атбашингтони аттуу фейсбук колдонуучу жеринде видеого тартып алган.