Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковго койгон доо арызын кайтарып алды

318

Ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго карата жазган доо арызын кайтарып алды.

Бул тууралуу анын адвокаты Шумкарбек Абжапаров элдик медиага билдирди.

«Бүгүн эртең менен арызыбызды кайтарып алдык. Мусулмандардын ыйык Орозо айында үлгү кылып конфликтке барбастан кечиримдүү бололу деп чечтик.  Биздин журналистке доо арызыбыз жок»- деп белгиледи.

Ал эми Исаковдун өзүнөн кечирим суроо боюнча бир тараптуу чечимге баргандарын кошумчалады.

Журналист Ыдырыс Исаковго карата Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналистти коргоого чакырган. Бул боюнча бүгүн акыйкатчы Токон Мамытов дагы  «Азаттык» радиосунун кызматкеринин ишин өз көзөмөлүнө аларын билдирген болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь