ВИДЕО: Жолтандабас сүзгөн Матиз оодарылып калды

331

Борбор калаанын Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жолтандабас менен Матиз сүзүшүп, Матиз оодарылып калган.

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Окуя бүгүн 7-майда саат 10:45тер чамасында катталган.

“Тойота Ланд Крузер Прада унаасы Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан учурда Үмөталиев көчөсүнөн чыга калган Дэу Матиз унаасын сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусу ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди”

Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү реестрге каттоого алынды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь