Долбоор ишке киргенден тарта үч ай аралыгында 50 млн. сомго чукул каражат бюджетке түшкөн. Мындай маалыматты ИИМден билдирди.
Ал эми бүгүнтөн баштап Бишкек шаарынын 9 жол кесилишинде көзөмөл камералары иштей баштады. Алар:Бөкөнбаев – Манас; Чүй – Манас; Чүй – Павлов; Жибек Жолу – Манас; Махатма Ганди – Боталиев; Ахунбаев – Байтик Баатыр; Жибек Жолу – Курманжан Датка; Чүй – Абдрахманов; Байтик Баатыр – М. Горький.
Шаар тургундары болсо, “Коопсуз шаар” ишке киргенден бери эреже бузуулар азайганын байкашкан. Бирок, аталган долбоор боюнча кемчиликтер дагы деле жоюлбай келет. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, азыр 78 миң 164 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, алардын ичинен 33 миң 133 айдоочу айып пул төлөгөн. Жалпы айыптардан казынасына 47 млн 641 миң 495 сом түшкөн.