М.Суталинов: Кыргыз элимен кечирим сурайм

265

Сот залынан бошотулгандыгы Мурат Суталинов үчүн күтүүсүз болгондугун өзү журналисттерге билдирди. Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотту.

Мындай чечимге кубанган Суталиновдун тарпташтары аны кол чаап тосуп алышты.

Суталинов аны колдогон кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, учурунда болгон окуялар үчүн элден кечирим сурарын кошумчалады.

“Аябай ыраазы болуп жатам.Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек.”

Ошондой эле жабыркагандардын энелеринен кечирим сурагандыгын айтып, алардын алдында күнөсүн сезгендигин моюндады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь