Мейманкана деген жазуусу гана болбосо ичи сойкуканага айланган жай жашоочуларды беймаза кылууда. Аталган жай Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү №87 үйдө жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулар мындай ыпылас жерде жашоодон уялып бүткөндөрүн айтышып, тынчтык жок экендигине нааразы болушууда. Айрымдары үйлөрүн таштап көчүүгө аргасыз.
Бул тууралуу кененирээк жергиликтүү телеканал чагылдырды.