Нарындагы Солтон-Сары кенинде бир дагы Миң-Булактыктар жок деп социалдык тармактын колдонуучусу Нурлан Кыдыков видео жүктөдү. Ал өзүнүн билдирүүсүндө жергиликтүү өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, берилген убадалар аткарылган жок деп нааразы болгон.
Видеодо көрүнүп тургандай ондогон “Ховолор” иш жүргүзүп жатат.
Буга чейин Нарын районунун Миң-Булак айылынынын тургундары кенди иштетүүгө тыюу салынсын деген талаптар менен чыгып келишкен. Солтон-Сары алтын кенинде “Кыргызалтынга” тийиштүү алтын комбинаты бар.
Элдик медианын чыгармачыл тобу бүгүн бул теманы кененирээк кечинде чагылдырат.