Ташкент-Балыкчы поезд каттамы жанданат

245

Ташкент-Балыкчы жүргүнчү ташуучу поезддик каттамы быйыл 7-июндан тарта иштеп баштайт. Алгачкы курам 6-июнунда Ташкент убактысы боюнча саат 20:50 чыгып , 7-июнда саат 19:03 Бишкек шаарына келет . Ал эми 8-июндан тартып ар ишемби күнү саат 04:59 Балыкчыдан кайра жөнөп, 9-июндан тартып, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына саат 5:00 келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет. Билеттер сатыла баштады, вагондордун категориясына жана билеттерди сатып алуу мөөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеңилдиктер берилет.

Билет баалары:

-Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 1 946 сомдон,
-купе вагонуна 2 461 сомдон,
-люкс вагонуна 4 602 сомдон башталат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь