ФОТО: Жети-Өгүз курортунан туристтер баш тартууда

244

Ысык-Көл облусунун Жети-Ѳгүз курортуна келген чет элдик туристтер эс алуудан баш тартууда. Себеби ден соолукту чыңдоочу жайдын корпустары эскилиги жетти. Бул тууралуу элдик медиага жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалыматтарга караганда, инфрастуруктуралык шарттын начардыгынан эс алуучулардын саны жыл сайын азаюуда. Мындан улам жумушчу орундар да кыскарууда.

Жети-Өгүз курорту союз учурунда  күнүнө СССРдин ар кайсы өлкөсүнөн келген миӊден ашуун бейтапка кызмат көргөзүп келсе, азыр суткасына 250 адамды тейлөөгө араӊ жетишет. Анткени, мамлекет эгемендүүлүктү алгандан тарта курорт кароосуз калып,  1931-1965-жылдары курулган имараттар өз учурунда оӊдолбой, ички эмеректер да кызматын өтөп бүттү. Ушул жагдайдан улам, какпаган эшигибиз калбады, кур убадалардан жадап бүттүк. Эгер жаңылануу болсо туристтерден да пайда түшмөк»

Ал эми санаторийдин башчысы Шаймизин Кадыров ички-тышкы оңдоого 20 миллион сом керектелерин кошумчалайт. Бирок мамлекеттик профсоюз федерациясы акча бөлүп бере албайт, деди ал.

Биз деле өзүбүздүн күчүбүз менен имаратты оӊдогубуз келет. Бирок түшкөн кирешенин 10 %ын профсоюздук федерация алып алат. Анан салык, электр жарыкка, жылуулукка, тамак-аш, кызматкерлердин акысы деп атып, эч нерсеге жетпей калат. Эл аз келген учурда, чыгымга учурап калуудабыз“,-деди ал.

88 жылдык тарыхы бар Жети-Ѳгүз ден соолукту чыӊдоочу курорту деӊиз деӊгээлинен 2200 метр бийиктикте турат.  Бүгүнкү күндө 4 корпустун бирөө гана калкка кызмат көрсөтүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь