Үйгө ууруга кирип акчаларды алып кеткен 23 жаштагы жигит кармалды

267

2000 доллар акчаны уурдап кеткен 23 жаштагы жигит кармалды. Ал 5-кичирайондогу үйлөрдүн бирине ууруга кирип 2000 АКШ доллар жана 2750 сом өлчөмүндө акча уурдаган. Буга арызданып 2-апрелде шаар тургуну укук коргоо органдарына кайрылган.

Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси «уурулук» менен катталып, тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган бала кармалды. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь