Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактарга тыюу салынган буюмдардын мыйзамсыз киргизилген сүрөттөрүн жарыялады.
Соттолгондорго жолугушуу үчүн келегендер көбүнчө уюлдук телефон, акчаны азык-түлүктөрдүн, бут кийимдердин арасына катылып киргизилет.
Акыркы 4 ай ичинде мыйзамсыз түрдө абактарга киргизилмекчи болгон 130 миң сом алынды. Мекемеден билдиргендей, 4 ай ичинде тыюу салынган буюмдарга бөгөт кою үчүн 5475 жолу текшерүү болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 130 миң сом, 638 чөнтөк телефону, 97 литр спирт ичимдиги, 121 литр ачыткыдан жасалган ичимдик, 426 көзөөчү жана кесүүчү буюмдар жана 5 килограмм баңгизат табылган.