Депутат Алтынбек Сулайманов социалдык тармакка Жалил Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, ишкер доо-арызын кайтарып ала тургандыгын жазган.
Депутаттын бул кадамдарын көпчүлүк эки тарапты жараштырууга болгон аракети катары баалаган. Мындай пикирге “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков дагы кошулат.
Бирок, анын айтымында Сулайманов “балким” журналистти коргомуш этип, Атамбаевдин өзүн коргоду. Аспеков депутат менен ишкердин ортосунда жакшы мамиле болуп, “балким” бизнестери бир деген ойду айтты.
Эгерде укук коргоо органдары резонанс жараткан Атамбаевдин ишин дыкат иликтөөгө алса, депутат Сулаймановдун өзүнүн болбосо дагы жакындарынын былыктары ачыкталып калышы мүмкүн экендигин белгиледи.
“ Бизнесте бардыгы бири-бири менен тыгыз байланышта болот. Ар кандай варианттар болушу мүмкүн. Дагы бир вариант жакында өтө турчу парламенттик шайлоого карата Сулайманов элге көрүүнү максатында жасаган кадамдары дагы болушу ыктымал”