Ош облусунун Араван районундагы Ачы айылында эки унаа кагылышып кырсыктан 3 адам каза болду.
7-май күнү болжол менен саат 16:00дөр чамаларында “Тойота-Ипсум” жана “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. “Тойота” унаасын 22 жаштагы Араван районунун тургуну, ал эми “ВАЗ-2106” унаасын 49 жаштагы жаран башкарып келе жаткан.
Кырсыктын натыйжасында “ВАЗ-2106” унаасынын айдоочусу, 1959-жылкы жүргүнчү жана быйыл жарыкка келген ымыркай көз жумган.
Андан тышкары 6 адам жабыркап, баардыгы райондук ооруканага жеткирилген.