ВИДЕО: Наалат сага согуш! Жеңиш аянтында окуучулар укмуш образ жаратышты!

349

Жеңиш аянтында окуучулар укмуш образ жаратышты! Бул окуучулар “Аалам аркылуу маданият” көркөм окуу сынагынын катышуучулары. Сынак ушул жылдын март айында башталып, бүгүнкү күнгө чейин төрт жүз окуучу көркөм окуу боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

Сынактын уюштуруучусу Айнура Джумагазиеванын айтымында экинчи турдун темасы Ленинград блокадасынын 75 жылдыгына карата болгондуктан, окуучулар Улуу Ата Мекендик Согуш темасында даярданышкан.

Өз кезегинде eldik.media сайты Жеңиш күнүн утурлай окуучулардын жараткан образдарынан атайын ролик даярдады. eldik.media сайты аталган сынактын уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылык билдирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь