Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев бир нече сааттан бери сурак берип жаткандыгын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Белгилүү болгондой Дастан Догоев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине түштө эле суракка чакырылган. Учурда ага жактоочу жиберилди.
Эмнеге чакырылгандыгы боюнча азырынча маалымат жок.
Ал эми бул маалыматты УКМКдан четке какты, Догоев чакырылган эмес деп билдирген.
Эске салсак, 26-февралда паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилген. Буга айыпталып Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери камакка алынган.
Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматын 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын февраль айына чейин жетектеп, өз каалоосу менен кызматынан кеткен.