Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып эстелик тургузулду.
Демилге жергиликтүү бийлик тарабынан көтөрүлүп, айыл тургундарынын көмөгү менен эстелик тургузулду. Жеңиштин 74 жылдыгына карата, бүгүн аталган эстеликтин ачылыш аземи орун алды.
Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Мурат Раматов жана башка район активдери катышты.