Кылыч Шанаев: Алтынбек Сулаймановдун акыркы кадамдары  Жалил Атамбаев менен жакындыгын далилдеп жатат

407

Активист, блоггер Кылыч Шанаев журналист Ыдырыс Исаковго байланышкан акыркы окуялар боюнча eldik.media сайтына пикирин билдирди. Анын айтымында саясатчылар арасында бул окуядан шоу жасап, саясий упай топтоп калууну көздөгөндөр көп болууда.

Маселен ошол эле Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кече 7-майда, Жалил Атамбаев менен жолугушуп доо арызын кайра артка алдырууга көндүргөнү туура эмес дейт Кылыч Шанаев.

Ким кандай баалайт билбейм ,бирок мен жеке Сулаймановдун бул кадамына туура эмес деген баа берет элем. Эгер Сулайманов чын эле Ыдырыс үчүн күйүп бышса, анда  Жалил Атамбаевдин мыйзамдуу иштешин талап кылып, тиешелүү органдарга тапшырма берип, жашырылган салыктар боюнча үн катуусу керек эле. Тилекке каршы Сулайманов ” ортомчунун” ролун аткарып жүрөт. Ыдырыстын иши сотко өтүп кеткен учурда дагы сот журналисти доого жыкмак эмес.“-деп билдирген Шанаев.

Ошондой эле активист: “Сулайманов бул кадамы менен  кылмышкерди болгондо дагы миллиондогон ири суммадагы салыкты жашырып, өлкө мыйзамдарына баш ийбей өз билемдик кылып жүргөн китти коргоп жаткан жокпу? Эмне үчүн жогорку кеңештин депутаты Жалил Атамбаевди Ыдырыс менен элдештерүүгө аракет кылып жатат? Мунун баары жөн жерден эмес. Эптеп элдештирип бармак басты көз кысты кылгысы келүүдө. Бул жерде  Алтынбек Сулаймановдун акыркы кадамдары  Жалил Атамбаев менен жакындыгын далилдеп койду “-деп билдирди Кылыч Шанаев.

Сулайманов  бул жерде Ыдырысты эмес,  мыйзам бузууларды карап, ошону көзөмөлгө алып, керек болсо парламенттен көтөрүп бул маселени аягына жеткириш керек. Жашырылган салыктан түшкөн пайда канча млн же доллар экенин аныктоо керек. Кыскасы мыйзам чегинде жоопко тартыш керек. Ал эми мындай болбогон соң Сулаймановдун бул кадамын саясий упай топтоо үчүн кезектеги саясий шоу катары кабыл алсак болот“-деген Кылыч Шанаев Сулайманов менен Жалил Атамбаевдин достук мамилеси болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь