Күндүн сүрөтү: Ардагерди куттуктаганы барган аткаминерлер сынга калды

150

Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Талас облусунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алганы барып коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Социалдык тармакта аткаминерлердин ардагердин үйүнүн төрүндө бут кийимин чечпей отурган сүрөтү жарыяланган. Муну интернет колдонуучулар катуу сындап, бай манаптык кылган качан токтойт деген пикирлерди калтырууда. Ошондой эле аларды жөнөкөй болууга чакырып президенттин бүгүнкү аракетин үлгү катары салыштырышты.

Кундуз Ажибекова :  “Ажообуз азамат, жонокой адам экен…Адамдык сапаты бийик

Султанбек Аманбеков:  Дааратканага кийип кирип жүргөн бут кийимиңер менен бирөөнүн жашаган үйүнө киргенден уялган жоксуңарбы? Президент башы менен бут кийимин чечип кириптир. Бай манаптын кылганды качан токтотосуңар?

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь