Көк бөрү: чырдашкан Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов элдешти

165

Кечээ 7-майда көк бөрү талаасында мушташа кеткен Манас Ниязов (“Достук”) менен Нурбек Юсупов (“Сары-Өзөн”) элдешти.

Манас Ниязов пикир келишпестик эмнеден улам чыкканын түшүндүрүүдөн баш тартып, башкысы оюн бүткөндөн кийин эки команда жолугуп элдешишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтты.

“Оюнда мындай учурлар болуп турат. Бир аз түшүнбөстүк болуп кетти. Кайра жарашып алдык”, — деди Ниязов.

Нурбек Юсупов ойногон “Сары-Өзөн” командасынын капитаны Рустам Тыналиев да эки улакчы жарашканын айтты.

“Оюн учурунда болгон нерсе оюн талаасында калат. Сыртка чыгарбайбыз. Бизде ушундай”, — деди Тыналиев.

Белгилей кетсек, улакчылар Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык көк бөрү мелдешинде мушташа кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь