Райымбек Матраимовдун туулган күнүндө укмуштуудай даамдарды жасаган атактуу түрк ашпозчусу Бурак Оздемирдин чакыртылгандыгы боюнча маалымат тараган. Бирок бул жалган маалымат экендигин Райымдан агасы Искендер Матраимов Kaktus.media га билдирген.
3-майда Райым өзүнүн туулган күнүн Бишкектеги ресторандардын биринде белгилеп, ал жакка бажычылардын аттуу-баштуулары чакырылгандыгы боюнча кептер айтылган. Ал эми түрк ашпозчусу Бурак Оздемир келген конокторду укмуштуудай даамдар менен таң калтырган. Бурактын бир сааттык кызматы 1миң доллар турат.
“Туулган күнү 2-майда болуп, ал өзүнүн туулган күнүн үй-бүлөсү жана жакындары менен Ошто белгиледи. Мен дагы барып куттуктап келдим. Ал эми айтылып жаткан кептер дагы бир каралоо. Жок дегенде Орозо айында уялышса боло. Биз түрк ашпозчусун чакырган эмеспиз”- дейт Искендер Матраимов.