Алай районунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата жасалган бейбаштык фактысы боюнча учурда бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой ур-соккуга кабылган дудук балдардын ата-энелери укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылышкан.
Анын негизинде облустук ички иштер башкармалыгы Тогуз-Булак айылынын бир нече жашоочуларын күбө катары суракка алышкан.
Алардын арасынан 1982-жылы туулган Корул айыл аймагынын Кен-Жылга айылынын тургуну шектүү катары кармалган. Ал үч баланын атасы, эч эч жерде иштебеген, мурда соттолбогондугу маалымдалды.
Учурда шектүү жаран Жаза процессуалдык Кодексинин 98-беренесинин негизинде шектүү Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.