Президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү долбоор коомдук талкууга чыкты

282

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштаган долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Документ 250 беттен турат. Демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Б.Төрөбаев. Мындан мурда да бир катар депутаттар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү сунуштап, Жогорку Кеңештин сайтына жарыялашкан.

Эксперттер 2020-жылдагы парламенттик шайлоого бир жыл калганга чейин шайлоо эрежелерин аныктап алуу керек деп эсептешет.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-86-74

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь